“Кыргызэлектроника” компаниясы Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштады.

  • 1 месяц мурун

“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштады.

“Кыргызиндустрия” мекемеси маалымдагандай, ишкана буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган.

Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет.

Ишкананын бардык продукцияларын ke.kg сайты аркылуу байланышып буйрутма берүүгө жана таанышууга болот.

Сүрөт: «Кыргызиндустриянын» Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты