«Кыргызалтын» геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү үчүн 15 лицензия алды

  • 2 месяца мурун

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы гелогиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү үчүн 15 лицензия алды. Бул тууралуу аталган ишкананын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев 1-августта «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирген.

Анын айтымында «Кыргызалтын» ишканасы төмөнкү кендерде иш жүргүзүү боюнча лицензияга ээ болду:

— Үңкүрташ ири алтын кени (Үңкүрташ, Каратөбө, Сарытөбө);
— Теректин жана Каракаланын алтын жана жез кендери;
— Чакуш алтын кени;
— Миронов алтын жана жарым металлдар кени;
— Балажан кварцит кени;
— Чекчей кварц кени;
— Миң-Теке көмүр кени;
-Таш-Булак участогу (Кызыл-Омпол кени).

Нарынбек Сатыбалдиев учурда бул кендердин потенциалын изилдөө боюнча иш жүрүп жаткандыгын, келечекте кенди иштетүү үчүн инвесторлор арасында сынак уюштуруларын белгилеген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты