Кыргыз мушкери тажик спортчусунун апасынын дарылануусуна гонорарынын жарымын берди

  • 2 года мурун

Москвада өткөн Hardcore Fighting Championship MMA мелдешинде кыргыз мушкери Нурланбек уулу Марсель гонорарынын теңин тажик мушкери Камариддин Хасановдун апасынын дарылануусу үчүн берди.

Тажикстандын карате боюнча спорт чебери жана соңку эки жылдан бери мушкерлик менен алектенген Камариддин Хасанов “Озоди” радиосуна билдиргендей, 10-февралда өткөн турнирден кийин Нурланбек ага келип, 100 миң рубль гонорарынын теңин апасына берерин айткан. Ал кесиптешинин бул аракетин жогору баалады.

33 жаштагы тажик спортчусунин пикиринде, Нурланбек уулу Марселдин бул мамилеси эки өлкө чек арасындагы чыңалууну жумшартышы мүмкүн экенин белгиледи.

Камариддин Хасановдун рак илдетине чалдыккан апасы Москвада дарыланууда. ММА мушкерлери ал үчүн мурун эле акча чогултуп башташкан.

Орусияда мелдештерди уюштурган ММА Hardcore Fighting Championship лигасы атайын кайрымдуулук акциясын өткөргөн.

Камариддин апасынын операциясына 3 миллион рубль керек экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты