Кыргыз-кытай чек арасы 17-сентябрда бир күнгө жабылат

  • 3 дня мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 17-сентябрда бир күнгө жабыларын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, чек арадагы эки өткөрмө бекеттер — «Торугарт» жана «Эркечтам» Кытайдын демилгеси менен ал жакта «Күздүн ортосун белгилөө» майрамына байланыштуу жабылууда. Аталган бекеттер аркылуу адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрда жанданат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери быйыл 1-марттан тарта күнү-түнү, дем алышсыз иштей баштаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты