Кырчын жайлоосунда ӨКМдин мобилдүү госпиталы иштейт
- 2 месяца мурун
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда ыкчам, жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) мобилдүү госпиталы жайылды.
Учурда жеринде ӨКМдин Апааттык медицина кызматынан 20, Саламаттыкты сактоо министрлигинен 60 дарыгер иш алып барууда.
Ошондой эле мобилдүү госпиталды түзүүчү унаада сууну чыпкалоочу, абаны тазалоочу станция, жуунучу жай бар.
Мындан сырткары Кырчын жайлоосунда ӨКМдин эки тик учагы нөөмөткө коюлат.
Куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшүп, жер-жерлерде өрт өчүрүүчү, авариялык-куткаруу унаалары, катерлер нөөмөткө коюлду.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунда ачылат.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




