Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жаңы директор келди

  • 1 месяц мурун

Кыйноолорлун алдын алуу боюнча улуттук борборго жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган борбордун сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта 1-августта директордун ордуна ачык конкурс жарыяланганы айтылат.   Конкурстун  жыйынтыгы жана координациялык кеңештин чечими менен менен Бакытбек Касымкулов директор болуп шайланды.

Бакытбек Касымкулов 1983-жылы Талас шаарында туулган, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттикк университетин аяктаган жана юрист адистигине ээ болгон.   

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун мурдагы жетекчиси Бакытбек Рысбеков мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, кызматын өткөн айда тапшырган.

Сүрөт: Аталган борбор тарабынан берилген сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты