Курултайда Камчыбек Ташиевдин сөгүнгөнүнө баа берүү сунушталды. Коомдук жайда сөгүнгөнү үчүн адмнистрациялык жоопкерчиликке тартылышы керек
- 1 год мурун
- Фактчекинг
26-ноябрда биринчи элдик курултайда сөз сүйлөгөн Сапарбек Аргынбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин сөгүнгөнүнө баа берүүнү сунуштады. “Кимдин апалары тирүү? Кимдин апалары болсо Жогорку Кеңеште “энеңди…” деп сүйлөгөнүнө кандай баа бериш керек? Ал киши президенти көзүнө илбей ошол сөздү айтты. Ошол элдин трибунасы, элге кайрыла турган сөздү айтып жиберди”, — деди Сапарбек Аргынбаев.
“ПолитКлиника” медиасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин сөгүнгөнү боюнча кандай чаралар каралганын карап чыкты.
Окуянын чоо-жайы
Жогорку Кеңеш өткөн аптада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча макулдашуу каралган. Жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышкан. Анда Ташиевдин сөгүнгөнү байкалган. Мындан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйынды уланта берген. Парламент жыйынына президент Садыр Жапаров дагы катышкан.
Жогорку Кеңештин Регламентинде сөгүнүүгө тыюу салынган
Жогорку Кеңештин Регламентинин 29-главасында депутаттардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышуучулардын этикасы жана тартиби жазылган. Ага ылайык, жыйында өтө орой сөздөрдү, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга тыюу салынган.
Регламенттин 142-беренесинде Жогорку Кеңештин жыйналышттарына катышып отургандар тартипти, этиканы жана жүрүм-турумдун белгиленген ченемдерин сакташы керектиги айтылат. Тартипти бузган учурда көрсөтүлгөн адамдар залдан мажбурлап чыгарып салынары жазылган.
Мамлекет кызматкерлердин этика кодексинде кандай көрсөтүлгөн?
Министрлер кабинети жөнүндө мыйзамынын 8-беренесинде Министрлер кабинетинин мүчөсү, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси, мамлекеттик кызматчынын этикасын сактоого милдеттүү экени көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын 11-беренесине ылайык, кызматчылар кесиптештерине карата урмат-сый көрсөтүүгө жана аларды кемсинткен сөздөрдөн карманууга тийиш.
Бул кодексте этика ченемдеринин бузулушун кароо тартиби каралган. Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар бир органында кызматчынын этикалык жүрүм-турумуна арыздарды жана даттанууларды караган этика боюнча комиссия түзүлөт.
Этика ченемдеринин бузулушу белгиленген учурда, этика боюнча комиссия төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
— кызматчыны моралдык жактан уяткарат;
— этика ченемдерин милдеттүү сактоо жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берет;
— кызматчыга карата тартип-жаза чараларды колдонуу жөнүндө жетекчиге сунуш киргизет.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде кандай чара каралган?
Аталган кодекстин 364-беренесинде сөгүнүү каралган. Коомдук жайларда сөгүнүү бул майда бейбаштыкка кирет. Мындай учурда коомдук жайларда сөгүнгөн адам сегиз саатка коомдук иштерге тартылуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салынып же болбосо беш суткага администрациялык камакка алынат.
Жыйынтык: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте сөгүнгөнү Жогорку Кеңештин регламентин, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасын бузган. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык, коомдук жайларда сөгүнүү бул майда бейбаштыкка кирет.