Куралдуу күчтөр жана башка аскер бюджети 400 %дан ашык көбөйтүлдү

  • 1 год мурун

Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 8-майдагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

«Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскерлерибиз заманбап курал-жарак менен камсыз болууда, аскердик шаарчалардын жана гарнизондордун инфратүзүмү өнүгүүдө. Материалдык-техникалык жабдуулар татыктуу деңгээлде камсыздалууда” деп билдирди президент.

Сүрөт: Коргоо министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты