Кумтөрдү улутташтырууга каршы болгон. «Кумтөрдүн» жаңы жетекчиси тууралуу эмнелер белгилүү?

Кумтөрдү улутташтырууга каршы болгон. «Кумтөрдүн» жаңы жетекчиси тууралуу эмнелер белгилүү?

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын президенти болуп Алмаз Барыктабасов дайындалды. 

Кечээ, 23-августта Министрлер кабинети “Кумтөр” компаниясында финансылык мыйзам бузуулар аныкталганын жана ишкананы жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк менен компаниянын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилгенин кабарлаган.

“Кумтөрдүн” жаңы жетекчиси Алмаз Барыктабасов тууралуу эмнелер белгилүү? “ПолитКлиника” медиасы Барыктабасов жөнүндө ачык булактардагы маалыматтарды чогултту. 

Иш тажрыйбасы жөнүндө

Алмаз Барыктабасовдун LinkedIn социалдык тармагындагы профилинде 1989-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде билим алганы көрсөтүлгөн. Кесиби боюнча инженер-механик.

Ишмердүүлүгүн 1997-жылы “Кумтөр” компаниясында шахталарды техникалык жактан тейлөө боюнча механик болуу менен баштаган. 2001-жылы аталган бөлүмдүн жетекчиси болуп дайындалган. 2003-жылдан 2005-жылга чейин шахтаны техникалык жактан тейлөө боюнча нөөмөттүн жетекчиси, 2005-2007-жылдары шахтаны техникалык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы мастери болуп эмгектенген. 2007-жылдан 2014-жылга чейин “Центерра Голд” компаниясында техникалык тейлөө боюнча инспектор, 2014-жылдан 2017-жылга чейин Оор жабдуулар бөлүмүнүн менеджери болуп иштеген. 2018-жылдан 2021-жылдын июлуна чейин “Центеррада” техникалык тейлөө бөлүмүн жетекчиси болуп эмгектенген. 2021-жылы “Кумтөргө” сырттан башкаруу киргизилгенден кийин “Кумтөр Голд Компаниде” техникалык тейлөө бөлүмүн жетектеп келген.

Кумтөр кенин улутташтырууга каршы болгон

Алмаз Барыктабасов 2013-жылы ноябрда region.kg аттуу сайтка берген маегинде саясатчылардын Кумтөр кенин улутташтыруу талабына кошула албасын билдирген. 

“Мындай позицияны айтардан мурун бул саясатчылар Кумтөрдү ийгиликтүү иштете аларын далилдешсин. Кенди иштетүү үчүн каражатты кайдан аларын так айтышсын. Өлкөнүн экономикасы кандай оор абалда экенин көрүп туруп, улутташтыруудан же 2009-жылдагы келишимди жокко чыгаруудан Кыргызстан пайда көрөрүнө ишенүү мүмкүн эмес”, — деген Барыктабасов. 

Ал маекте “Кумтөр” саясатчылардын эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек экенин айтып, “парламентте “Кумтөргө” каршы күрөшүп жаткандар өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп жатат” деп айыптаган.

Кумтөрдү улутташтырууга каршы болгон. "Кумтөрдүн" жаңы жетекчиси тууралуу эмнелер белгилүү?

2013-жылы парламентте Кыргызстандын Кумтөр кениндеги үлүшүн 33 пайыздан 67 пайызга көбөйтүү маселеси көтөрүлүп, Жогорку Кеңеш өкмөткө бул боюнча жаңы макулдашууга жетишүүнү тапшырган. Өкмөт “Центерра Голд” менен Кумтөрдү иштетүү үчүн 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү тууралуу меморандумга кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш өкмөттүн бул меморандумун четке кагып, Кумтөр боюнча Кыргызстан “Центерра” менен 2003 жана 2009-жылдары түзгөн келишимдерден бир тараптуу чыгууну тапшырган.

Кыргыз өкмөтү «Центерра» компаниясы менен Кумтөрдө тең башкаруудагы биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү эки жылдай жүргүзүп, акыры пикир келишпей, бул оюнан баш тарткан.

Учурдагы президент Садыр Жапаров Кумтөр кенин улутташтырууну жактагандардын бири болгон. 2012-жылы 3-октябрда Бишкекте Кумтөрдү улутташтырууну талап кылган митинг өткөн. Бийлик митингдин демилгечилери, Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду бийликти күч менен басып алууга айыптап, сот аларды 1,5 жылга эркинен ажыраткан. 

2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингде акциянын катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан. Бул иш боюнча Садыр Жапаровко Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты