Коронавирус пандемиясы учурунда канадалык 1500 жарандын көзү көрбөй калганы чын (Фактчекинг)

13-октябрь күнү “CTV news” маалымат сайтында “Коронавирус пандемиясы учурунда көптөгөн канадалыктар көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты” деген маалымат жарыяланган. Анда, бул көрүнүш өзгөчө 64 жаштан жогору улгайган адамдарда байкалганы айтылат.

Коронавирус пандемиясы учурунда канадалык 1500 жарандын көзү көрбөй калганы чын (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери, Covid-19 илдети адамдын организмине бир топ терс таасир берээри айтылып келет. Алсак, коронавирустун оор түрү менен ооругандарда өпкөнүн өтө катуу сезгениши, инсульт, эс тутумдун начарлашы сыяктуу белгилер байкалган. 

Коронавирустун көзгө болгон таасири 

Covid-19 илдетинин тароо жана жугуусунун негизги жолу “дем алуу” органдары аркылуу ишке аша турганы белгилүү болгон. Бирок, адам инфекцияланган колу менен көзүн кармаганда да илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. 

Коронавирус менен ооруган адамдарда көз оорулары пайда болушу мүмкүн деген версияны Америкалык окумуштуу Брайан Той билдирген. Ал, илдет көз аркылуу жугуп калуусу мүмкүн экенин бирок бул толугу менен изилденип бүтө электигин айткан:

“Көздүн чели коргоочу механизмдерге ээ. Көпчүлүк учурда көзгө түшкөн инфекциялар өзүнөн өзү жок кылынат. Азыркы учурда кандай жол менен коронавирус көзгө түшөөрү жана анын кесепеттери тууралуу толук изилдөөлөр жарялана элек. Мындан сырткары, коронавирус пандемиясы учурунда көздүн коньюктивит оорусунун жогорулашы да Covid-19 менен байланышы тактала элек. Дагы изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек”,-деп билдирген. 

Канадалык 1500 жаран врачтардан медициналык жардам ала албай калган үчүн көрүүсүнөн ажыраган

2020-жылы коронавирус пандемиясы убагында, медициналык жардам ала албай калган 1437 канадалыктын көзү көрбөй калган. Бул тууралуу Canadian Council of the Blind (CCB) уюмунун изилдөөсүндө жарыяланган. 

Изилдөөдө,  2019 -жылга салыштырмалуу 2020 -жылы  акулисттерге баруу жана изилдөөдөн өтүү дээрлик үч миллионго аз болгону жана мурдагыларга салыштырмалуу 47%га көз операциялары аз жасалганы белгилүү болгон. Ошондой эле, көз ооруларынан улам операция жасалбай калган 1437 жарандын көзү көрбөй калганы белгиленген. 

Коронавирус пандемиясы учурунда канадалык 1500 жарандын көзү көрбөй калганы чын (Фактчекинг)

Белгилей кетсек, көзү көрбөй калган адамдар коронавирус менен ооруганы үчүн эмес медициналык жардамга муктаж болгону үчүн көрүүсүнөн ажырашкан. 

Жыйынтык: 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурундагы изоляцияда  медициналык жардам ала албай калган  1437 канадалыктын көзү көрбөй калганы чын. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты