Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарда иштегендердин саны 22%га өстү
- 1 год мурун
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 1-июнуна карата ишке орноштуруу кызматтары 3297 жумушсуз жарандарды кесиптик окууга жибергенин билдирди.
Маалыматта айтылгандай, окутуу эң көп талап кылынган адистиктер боюнча өткөрүлдү: компьютердик оператор, сатуучу, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр, массажист, визажист, котормочу, бухгалтер, унаа айдоочу, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник, тигүүчү, балчы.
2025-жылдын 1-июнуна карата акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 4537 жумушсуз убактылуу тартылган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (3550 адам) 22%га көп.
64 жаран жумушсуздук боюнча жөлөк пул алат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




