Конституциялык сот матчество өзгөчө учурда гана, 18 жаштан кийин берилиши жана ал мыйзам менен бекемделиши керектигин билдирди

  • 11 месяцев мурун

Конституциялык сот сүрөтчү жана балдар жазуучусу Алтын Капалованын балага эненин атын ыйгаруу (матчество) боюнча арызына байланыштуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

-2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот Үй-бүлө кодексинин (63-берене, 2-бөлүк) жана Кыргыз Республикасынын “Граждандык абалды каттоонун  айрым ченемдик жоболорунун” Конституцияга шейкеш келиши тууралуу маселени карады жана алар Конституцияга карама-каршы келбей тургандыгын белгиледи. Кайрылуунун негизи, баланын энеси да өзүнүн атын берүүгө, матчествону колдонууга уруксат берүүдө болгон.

Бул ишти соттук отурумда карап, Конституциялык сот мындай жыйынтыктарга келген:

-Жалпысынан биздин мыйзам кыргыздын улуттук салты боюнча, ошондой эле советтик система боюнча өз атын, фамилиясын, атасыын атын берүүгө жол берет. Белгилей кетүүчү нерсе: кыргыздын улуттук салты боюнча, “уулу, кызы, тегин” деген ыйгаруу өзгөрүүсүз калат.

Ошол эле учурда, советтик система менен балага фамилия, атын жана атасынын атын берүү, анын ичинде эненин атын берүү (матчество) алгылыктуу шартта, социалдык чөйрөдө өнүгүшүнө, калыптанышына тыгыз байланышкан баланын укугу менен байланыштуу.  

Мындан улам баланын укугу ата-эненин укугуна караганда маанилүү болуп саналат.  Ал эми матчествону алып жүргөн бала коомдо ар кандай стигма жана буллингге кабыла тургандыгына байланыштуу анын ходатайствосу четке кагылган.  

Ошол эле кезде (КР Жарандык кодекстин 56-беренеси боюнча 18 жашка толгондон кийин) бала ар кандай себептер менен атасынын атын алып жүргүсү келбесе,  ал атасынын же энесинин атын тандап алуу укугуна ээ боло алышы керек. Бул суроо өзгөчө учурда, калктын аз гана бөлүгүнө тиешеси болушу керек. Ошондуктан мыйзамда жарандардын бул категориясы үчүн теңдик жана дискриминация болбошу үчүн мындай укуктук ченемдер камтылышы керек.

Бул чечим менен биздин салттуу жана тарыхый баалуулуктарыбыз бузулбайт, -деп билдирди Конституциялык сот.  

Буга чейин Кыргызстанда атасынын атынын ордуна энесинин атын (матчество, матроним) алып жүрүүгө расмий уруксат берүү тууралуу Конституциялык сот чечим чыгарганын cүрөтчү, балдар жазуучусу Алтын Капалова Фейсбук баракчасына жазган.

Конституциялык соттун чечими тууралуу жарыя кылган Алтын Капалова 2, 5 жылдан бери үч баласына алардын атасынын ысмын эмес, өзүнүн ысмын берүүгө уруксат ала албай келген.

Мамлекеттик каттоо кызматы эки жыл мурда балдарына өз атын берген Капалованы сотко берген. Алтын Капалова үч баланы жалгыз өстүрүп келген. Балдардын атасы аларга жардам берген эмес жана алимент да төлөбөй келген. Капалова балдарына алардын атасынын ысмын берүүдөн баш тарткан жана балдарына өз атына күбөлүк жаздырып алган.

Ушуга байланыштуу Капалова Каттоо кызматы менен соттошуп келген. Андан кийин ал Конституциялык сотко кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты