Кочкордун экс-акими Байтереков ооруканада каза тапты

  • 7 месяцев мурун

Бир ай мурда камакка алынган Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков ооруканада каза тапты

«Азаттык» билдиргендей, туугандарынын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан Байтереков бир нече күн мурун ооруканага которулган жана ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал кант дибети менен жабыркап жүрчү.

Буга чейин Бишкектеги «Ак-Суу» базарынын ээси Б.К. мурдагы аким чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөтүүчү жай уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

30-ноябрда кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Б.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Курманбек Байтерековдун сөөгү 29-декабрда Бишкек шаарына коюла тургандыгы кабарланды. .

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты