Мурдагы аким чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөтүүчү жай уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды

  • 8 месяцев мурун

Мурдагы аким чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөтүүчү жай уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Экс-акимдин үйүнүн бирине жана ири ишкер Б.К. (Ак Суу базарынын ээси) аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Б.К. уюшкан топтун курамында бул кылмыштуу ишке катышып, тактап айтканда, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу колдонгондугу аныкталды. Топтолгон материалдардын негизинде, 30-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (сойкулукка тартуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Б.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекстери жургүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты