“Клооптун” иши боюнча соттук угуу 6-октябрга жылдырылды

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабууга байланыштуу арызы каралды.

Соттук отурум доогер тарап тийиштүү документтердин көчүрмөсүн бербегендиктен 6-октябрга жылдырылды.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

Фото: «Клооп Медиа»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты