Клара Сооронкулова: Прокурорлор жаза жагын эле карап бергиле деп сураныптыр

  • 3 недели мурун

Кечээ, 23-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот процесси 30-августка жылдырылды. Анын себеби Азимбек Бекназаров менен Ильгиз Шаменовдун адвокаттары сотко келбей калышты. Шаардык сотто башталган Кемпир-Абад иши боюнча сот процесси кандай өтүшү керек деген суроого саясатчы Клара Сооронкулова жооп берди.  

Кечээ шаардык сотто саясатчы Клара Сооронкулова журналисттерге мындай деди:      

-Мыйзам боюнча биринчи инстанциядагы процедура толугу менен сакталышы керек. Эгерде сот ошондой чечимге келсе, “биз толугу менен кайрадан карап чыгабыз, далилдердин баарын изилдеп чыгабыз, күбөлөрдүн баарын сурайбыз” деген  чечимге келсе, ошол эле процедура менен кайрадан карайт. Бирок сот жазасын гана карайбыз деп коюшу да мүмкүн. Сот кандай чечимге келет, белгисиз.

Прокурорлор жаза жагын эле карап бергиле деп сураныптыр. Булар өздөрүнүн апелляциялык өтүнүчүндө “экспертизалар изилденбей калды, дагы бир топ далилдер каралбай калды” деп жазып  жатат. Ошонун баарын жазып жаткандан кийин процедураны сактап, ишти кайрадан карап бергиле деш керек эле. Бирок жүйөлөрүн келтирип туруп,   аягында жазасы жок болуп калды, жаза жагын карап бергиле деп жатат.  

Бирок сот кандай чечимге келет, айтыш кыйын. Бир жыйында жазаны карап туруп эле мурунку райондук соттун чечимин өзгөртүп коюшу мүмкүн, же күчүндө калтырып коюшу мүмкүн, же ар бирибизге кандайдыр жаза берилип коюлушу мүмкүн,-деди Клара Сооронкулова.  

Бүгүн, 23-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот процессине Азимбек Бекназаров менен Ильгиз Шаменовдун жактоочулары келбегендиктен, сот иши 30-августка жылдырылды.

Буга чейин, 6-августта, Бишкек шаардык сотто Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму ачылып, бирок отурум 23-августка жылдырылган.

Соттук отурум жабык түрдө башталган. Ага Азимбек Бекназаров жана Ильгиз Шаменов сот болору тууралуу чакыруу кагазын алышпай, келбей калган.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Сүрөт: Кемпирабадчылар шаардык сотто. 23-август, 2024. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты