Керим Турапов Опера жана балет театрынын баш директору болду

Керим Турапов Опера жана балет театрынын баш директору болду

Биз билген Кыргыз эл артисти Керим Турапов же расмий айтканда Каримберди Турапов А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды.

Мындай буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгун,  31-январда кол койду.

Ал эми буга чейин башкы директор болгон Болот Осмонов өзүнүн жазган арызына ылайык,  ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты