Кемпир-Абадды коргоо комитетинин абактагы мүчөлөрү ички иштер министрине кайрылуу жолдошту

  • 2 года мурун

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин абактагы мүчөлөрү ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдошту.

Анда милиция кызматкерлери кечээ, 10-январда ИИМдин алдында өткөн тынчтык митингинин катышуучуларынын кармоо менен мыйзам

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир кыргыз жаранына тынч митингге чыгуу гарантиясын берет. Ушул укуктан пайдаланып биздин тарапташтар, жакындарыбыз мыйзамдуулукту талап кылып ИИМдин имаратына барышты. Сиздин кызматкерлериңиз, көз каранды, бийликтин буйругун аткаруу менен чыгарган Биринчи май райондук сотунун, Конституцияга каршы келген чечимин жетекчилике алып, биздин тарапташтарыбызды кечээ кармашты. Биз сиздин эсиңизге салабыз, Конституциянын нормалары соттун, өзгөчө көз каранды сотун чечиминен жогору турат. Сиз жана сиздин кызматкерлер мыйзамды бузуп атасыңар», — деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, 10-январда Ички иштер министрлигинин алдында “2023-жыл адилеттиктин жана мыйзамдуулуктун жылы болсун” деген аталышта акция белгиленген. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары ИИМдин алдына чогулган. ИИМдин алдына акция өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилгенден кийин алар Горький паркына жөнөп баратканда алардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты