ИИМ бүгүнкү акцияда 27 жаран кармалганын билдирди

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги бүгүнкү акцияда 27 жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын кармалышына Турдакун Усубалиев атындагы аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу эскертүүгө карабай алар жүрүштү улантканы себеп болгон.

«Кармалгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 139-беренеси (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча протоколдор түзүлүп, документтер сотко жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 10-январда Ички иштер министрлигинин алдында “2023-жыл адилеттиктин жана мыйзамдуулуктун жылы болсун” деген аталышта акция белгиленген. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары ИИМдин алдына чогулган. ИИМдин алдына акция өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилгенден кийин алар Горький паркына жөнөп баратканда алардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты