Кемпир-Абад иши: Шаардык сотто процесс уланат

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 23-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот процесси Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы сот отуруму өтөт.

Буга чейин, 6-августта, Бишкек шаардык сотто Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму ачылып, бирок отурум 23-августка жылдырылган.

Соттук отурум жабык түрдө башталган. Ага Азимбек Бекназаров жана Ильгиз Шаменов сот болору тууралуу чакыруу кагазын алышпай, келбей калган.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

Иш боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын 22сине актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан, саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад иши боюнча райондук сотто акталгандар тууралуу мындай деген пикирин билдирген:

«Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация» деген президент Жапаров.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 23-август 2024-жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты