Кемпир-Абад иши: Шаардык сотто отурум жабык өтүп жатат

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 6-августта, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум кайра башталып, жабык өтүп жатат.

Сотко Азимбек Бекназаров жана Ильгиз Шаменов чакыруу кагазын алышпагандыктан, келген жок.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген.

Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттердин актаган.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад иши боюнча райондук сотто акталгандар тууралуу мындай деген пикирин билдирген:

«Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация» деген президент Жапаров.

Сүрөт: Соттун жүрүшү. 6-август, 2024-жыл. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты