Кемпир-Абад иши: Шаардык сотто отурум 23-августка жылдырылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 6-августта, Бишкек шаардык сотто Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму ачылып, бирок сот отуруму 23-августка жылдырылды.

Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков буларды билдирди:

“Бүгүн процесс болбой калды, себеби акталган адамдар сотко келбей калышты. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, сот башталары тууралуу сот, мыйзамга ылайык, баарына кабар бериши керек эле. Сот андай ишти аткарган жок. Ошондуктан соттук процесс болбой, кийинкиге жылды. Соттук процесс 23-августта башталат. Азырынча сот иши баштала элек” деди Равшан Жээнбеков.

Соттук отурум жабык түрдө башталган. Ага Азимбек Бекназаров жана Ильгиз Шаменов сот болору тууралуу чакыруу кагазын алышпай, келбей калган.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген.

Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

Иш боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын 22сине актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан, саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад иши боюнча райондук сотто акталгандар тууралуу мындай деген пикирин билдирген:

«Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация» деген президент Жапаров.

Сүрөт: Бишкек шаардык сотунда процесс жылдырылды. 6-август, 2024-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты