Кемпир-Абад иши: Прокурорлор шаардык сотко кайра апелляциялык сунуш берди

  • 2 месяца мурун

Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берди.

Бул тууралуу Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасына жазып чыгып, прокуратуранын расмий сунушун жарыялады.

Расмий сунушта прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Буга чейинки апелляциялык арызда алар Бишкек шаардык сотунан ишти башка курамда Биринчи май райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберүүнү суранышкан.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актаган.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыкты. Алар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов. Калган айыпталуучулар буга чейин ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын бир катары ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган, акыркы сегиз адам 14-июнда райондуксотто өкүм чыккандан кийин сот залынан бошотулган.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты