Кемпир-Абад иши: Прокурор райсот чечимине каршы апелляция бергени айтылды

  • 2 месяца мурун

Кемпир-Абад иши боюнча прокурор сот чечимине каршы апелляция бергени маалымдалды.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.  

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыкты. Алар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов. Калган айыпталуучулар буга чейин ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар боюнча пикирин мындайча билдирген:

«Негизи мен дагы эч кандай комментарий бербешим керек. Бирок эми соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация. Себеби булар жарымы келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп элдин башын адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып, бийликти сүрүп түшөлү деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү. Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун, креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы — таптакыр башка» деген президент.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын бир катары ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган, акыркы сегиз адам 14-июнда райондуксотто өкүм чыккандан кийин сот залынан бошотулган.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты