Кемпир-Абад иши: Нурлан Асанбеков өзүн өрттөөгө аракет кылды

  • 1 месяц мурун

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин үй камагына чыгарылган Нурлан Асанбеков 8-июнга караган түнү өзүн өрттөөгө аракет кылганын укук коргоочу Азиза Абдрасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Укук коргоочунун айтымында, Асанбеков 7-июнда өткөн сот отурумунда абалы начарлап, ооруканага жеткирилген.

«Бүгүн сот убагында кусуп кыйналганынан оорукана жаткызылган эле. Эмнегедир, кечки саат 22.00до күч органдардын кызматкерлери ооруканага келишип, врачка басым жасап, чыгарып кетишти. Айласы куруган Нурлан өзүнө бензин куюп өрттөөгө даяр», — деп жазды Абдрасулова.

Асанбековду укук коргоочулар, жарандык активисттер барып, өзүнө кол салбоого үндөп, колунан бензинин алып, кийимдерин алмаштыртышкан.

Нурлан Асанбеков 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып кармалган. Ошол эле жылы 11-ноябрда ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ага сот залынан «Тез жардам» чакыртылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты