Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылышты

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 24-апрелде Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын жакындары акция өткөрдү.

Алар сотту ачык өткөрүүнү, камактагыларды бошотууну талап кылышты.

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылышты

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы ишке «жашыруун» грифин койгон. Милиция аларга кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты