Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын жакындары акыйкат чечим чыгарууну талап кылышты

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 13-июнда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын жакындары акыйкат чечим чыгаруу талабы менен сот имаратынын алдына акцияга чыгышты.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөп жатышканын “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Айыпталуучулардын акыркы сөзүнөн кийин өкүм чыгат.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты