Кемпир-Абад иши: Атай Бейшенбек менен Рита Карасартова үй камагына чыкты

  • 1 год мурун

«Кемпир-Абад» иши боюнча кармалган активист Атай Бейшенбек менен укук коргоочу Рита Карасартова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу адвокат Махабат Мамасалиева Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

Кемпир-Абад иши боюнча бир катар көрүнүктүү саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана активисттер: Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Айданбек Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, Эрлан Бекчороев жана башка 27 адамга айып тагылууда.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты