Кемпир-Абад: Чыңгыз Айдарбековду ЖК комитет төрагалыгынан бошотуу маселеси да каралышы ыктымал

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков аны төрагалыктан бошотуу аракеттери болуп жатканын четке каккан жок.

Бул тууралуу Чыңгыз Айдарбеков журналисттердин суроолоруна жооп берүү учурунда билдирди.  

-Мен комитеттин бул боюнча чечимине (Өзбекстан менен чек аранын айрым участкаларды делимитациялоо боюнча макулдашуу долбоору -ред.) кол койбогонума байланыштуу, мындан ары эмне кылуу керек деген суроо турат. Ошону менен бирге эле мен тууралуу да суроо каралат.  Мыйзамга ылайык, мен комитет жыйынын башынан аягына чейин алып барам. Комитетке кайсы документ качан түшкөнүн айта алам. Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган, чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Комитетте да талап ошондой. Бардык процедура регламент боюнча кабыл алынышы керек,- деди Чыңгыз Айдарбеков.

Айдарбеков Кемпир-Абад боюнча жеткиликтүү маалымат ала электигин билдирди.

-Бул маселе боюнча мен жеткиликтүү маалымат ала элекмин. Адахан Кимсанбаевич өз каналдары боюнча башка маалыматты алган экен. Бүрсүгүнү парламент жыйынында бул маселени карайбыз. Силер менин таяталарым (Иманаля Айдарбеков-ред.) кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндөрдүн бири экенин билесиңер. Алар кыргыз элин, жерин сактап калуу үчүн ал тургай репрессияланып кетишкен. Кагаздарды, документтерди көрбөй туруп мен кантип объективдүү чечим кабыл алам?- деди депутат Айдарбеков.

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду. 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

«Бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Мен каршы добуш бердим» деди Айдарбеков комитет жыйынынан кийин.

парламенттин комитетинин жыйынында Министрлер кабинитинин төрагасынын орун ьасары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты. Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөөсү Кыргызстандан, төртөөсү Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат.

Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз«, — дейт Ташиев.

Ташиев бул чечимге кол коюлса, анда Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга көбөйө турганын айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты