Кемпир-Абад: абакта ачкачылык жарыялагандар аял активисттерди бошотуу талабы менен президентке кайрылды

  • 2 года мурун

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициячыл саясатчы жана активисттер аталган иш боюнча кармалган активист аялдарды абактан бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Кайрылуу ээлери 13-декабрдан тарта нааразычылык иретинде ачкачылык жарыялашканын билдиришкен.

«Сизден ачкачылык аркылуу, фальсификацияланган Кемпир-Абад иши боюнча, мыйзамсыз камалган, сиздин апаңыздын курагындагы балдарын жалгыз бой баккан, үй бүлөсүндө жалгыз багуучу болгон саясий туткундар, аял лидерлерди түрмөдөн чыгарууңузду талап кылабыз. Ачкачылык кармаган, Кемпир-Абадты коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден-соолугуна мындан ары сиз УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев керт башыңар менен жооптусуңар«, — деп жазылат кайрылууда.

Кечээ, 15-декабрда укук коргоочу Азиза Абдирасулова Бишкектеги №1 тергөө абагында Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалып жаткан 19 адам ачкачылык жарыялаганын билдирген.

Нааразычылык акциясына Коопсуздук кеңешинин мурдагы катсычы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков, Орозайым Нарматова, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Конституциялык соттун мурдагы суьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, активисттер Перизат Суранова, Али Шабдан, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминова, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев жана журналист Айданбек Акматов катышууда.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 23 кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга – 20-февралга чейин узартты. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган. Бул күндөрү жалпы 25 адамга карата чечим чыккан.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты