Казакстандык кылмышкерлер Кыргызстанга качып келишкени аныкталган

  • 21 час мурун

Казакстанда тоноочулук кылып, кылмыш жообуна тартылган эки адам Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөнү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери Кызыл-Кия шаарында жүргөн Т.К. жана З.К. аттуу эки жаранды кармашкан. Текшерүү учурунда алар ушул жылдын 7-октябрь күнүнө караган түнү Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарынан Кыргызстандын Талас облусуна чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөрү аныкталган.

«Кармалган адамдар Казакстандын жарандары экени аныкталып, алар өз өлкөсүндө бирөөсү тоноочулук фактысы менен кылмыш жообуна тартылып, бирок тергөөдөн качып кетүү максатында Кыргызстанга чек араны мыйзамсыз бузуп киргендиги такталган»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар андан ары иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты