Казакстанда Январь окуялары боюнча күч түзүм жетекчилери менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

  • 2 года мурун

Мекеменин өкүлү Елдос Килымжановдун айтымында, атайын прокурорлор жыл башындагы башаламандыктарга 12 кылмыштуу топ катышканын аныкташкан.

«Алардын арасында «Дикий Арман» деген каймана ат менен белгилүү Арман Жумагелдиев, «Айшуак-Жантугел» жана башка топтор да бар. Кылмыш топторунун 23 мүчөсү, төрт «авторитет» камакка алынды»- деди Килымжанов.

Анын айтымында, мындан тышкары Алматы аэропрортунун күзөт бөлүмүнүн башчысы «кызматтык милдетин аткарбай, аэропортту күзөтсүз калтырганы» үчүн кармалды.

«Ошондой эле полициянын жана Улуттук коопсуздук комитетинин Алматы, Жамбыл, Кызылордо облустук департаменттеринин мурдагы башчылары да кармалды. Алар өз мекемелерин күзөтсүз калтырып кеткен деп шектелип жатышат. Мындан тышкары Алматы акимчилигинин алдында башаламандык уюштурган деген шек менен 4-апрелде Алматы облусунун 10 тургуну кармалган», — деди Килымбетов.

Анын айтымында, Чымкент шаарынын аянтындагы башаламандыкка катышкан 52 кишинин тек-жайы аныкталды. Жамбыл облусунда башаламандыктын беш уюштуруучусу, 140 активдүү катышуучусу, 11 чагымчы, жана уюшкан кылмыштуу топтун эки лидери камакка алынды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Январь окуялары боюнча жалпысынан 547 кишиге «жапырт башаламандык уюштурду» деген айып тагылып, алардын 269у камалган.

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин кое берилген кыргыз жарандары Чолпонбек Сыдыков жана Викрам Рузахунов боюнча бул өлкөнүн жазык кодексинин 146-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, натыйжада миңдеген адамдар камакка алынган, 200дөн ашуун адам каза болгон. Курман болгондордун экөө кыргызстандык экени расмий айтылган. Кармалган он чакты кыргыз жараны көп өтпөй коё берилген.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты