Казакстан банктары жеке маалыматтардын ачыкка чыгышы боюнча текшерүүгө алынат

  • 2 месяца мурун

Казакстанда банктар жарандардын жеке маалыматтарына байланыштуу аудитти күтүп жатышат. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча эрежелерге тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү пландалууда.

Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги “Ачык өкмөт” парталында жарыяланган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жеке маалыматтарды коргоо эрежелеринин жаңы редакциясына ылайык, менчик ээлери же операторлор жылына бир жолудан кем эмес маалыматтык коопсуздук аудитин өткөрүшү керек.

Электрондук маалыматтык ресурстарда камтылган жеке маалыматтар Казакстандын аймагында жайгашкан сервердик жайда же маалыматтарды иштеп чыгуу борборунда сакталууга тийиш.

Менчик ээлери же операторлор жеке маалыматтарды коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Документ 13-августка чейин коомдук талкууда болот.

Казакстандыктардын жеке маалыматтарынын ачыкка чыгышы акыркы жылдары нагыз көйгөйгө айланды.

Мурдараак Киберчабуулдарды талдоо жана иликтөө борбору Казакстан жарандарынын жеке маалыматтары кайрадан ачыкка чыкканын кабарлаган. Борбордун маалыматы боюнча, өткөн аптада Telegram мессенжеринин колдонуучусу бардык маалыматты BreachForums хакерлер форумуна жарыялаган. Анда колдонуучулардын идентификаторлору, сыр сөздөр, жеке билдирүүлөр жана форум кредиттерин сатып алуу үчүн колдонулган криптовалюталык даректер камтылган.

Сүрөт: Adobe Stock

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты