Казакстан активисттери эми Киевге боз үй тигишти

  • 2 года мурун

Украинадагы казак активисттери Киевдин борборуна дагы бир боз үй тигип, суукта элге тамак-аш таратып жатат.

Бул тууралуу ЖМКда кабарланды.

Буга чейин казакстандыктар Украинанын Буча шаарына боз үй тиккен болчу. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Казакстанды Украинанын Буча шаарындагы казак боз үйү боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырган. Анын айтымында, Казакстандын расмий өкүлдөрү ал боз үйгө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Бирок Захарова расмий Астана «Орусия-Казакстан альянсына зыян келтирбеш үчүн» түшүндүрмө берсе жакшы болорун айткан.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинанын Буча шаарына тигилген казак боз үйүнө тиешеси жок экенин билдирди.

Орусиянын ракеталык аткылоосунан Украинанын электр энергия тармагы кризиске кабылып, бийлик жарандар жылынып, жылуу тамак ичип жана уюлдук телефондорун кубаттап алуусу үчүн атайын пункттарды ачууда. Алар бүгүнкү күндө өлкөнүн бир катар аймактарында иштеп жатат. Бирок мындай пункт боз үй тибинде биринчи жолу ачылды.

Орусиянын союздашы эсептелген Казакстан коңшусунун Украинага кол салуусун айыптаган эмес, бирок Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын айткан. Ошол эле маалда Астана Украинанын аннексияланган аймактарын Орусиянын бөлүгү деп тааныган эмес. Казак өкмөтү ыктыярчылар менен катар эле Украинага бир нече жолу гуманитардык жүктөрдү жөнөткөн.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты