Кара-Суу шаарында базарда иштегендер митингге чыкты

Бүгүн, 18-ноябрда, Кара-Суудагы «Туратали» базарынын соодагерлери соода орундарынын ижара акысынын кымбатташына нааразы болуп, митингге чыгышты.

Кара-Суу шаарынын администрациясынын алдына митингге чогулгандар алдында сүйлөгөн Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев соодагерлердин көйгөйү менен тааныш экенин жана муну чечүүгө убакыт берүүнүн өтүндү.

«Бул маселе биздин компетенцияда эмес. Мен чечип бере албайм. Бишкек менен сүйлөшөлү. Эртең саат 12ге ушул жерге келип бергиле, мен сиздерге айтып коеюн, бүгүн эч ким жетишпейт» деди аким.

Айрым соодагерлер «Азаттыкка» билдиргендей, бүгүн 18-ноябрда, базар ачылган эмес. Алардын маалыматы боюнча, ижара акысы 20 миң сомго чейин көтөрүлөрү тууралуу айтылган.

Жакында “Кара-Суу базары“ деген ат менен таанылган “Туратали базары” президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” ишканасынын карамагына өткөн. Базарда иштегендер менен мурда түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылып, жаңы келишим түзүлөрү айтылган

Буга чейин президент Ош облусунун тургундары менен жолугушууда Кара-Суу базарында заманбап соода комплекси жана логистикалык борбор куруларын айткан.

Соодагерлердин айтымында, эгер мурда алар 20 тонналык контейнер үчүн ээлери 4 миң сом төлөсө, азыр ал сумма 8973 сомго жеткен. Ошондой эле экинчи кабатта турган контейнерлерге да өзүнчө акы киргизилген. Контейнерлерди ижарага берүүгө да тыюу салынгандыгын айтышууда.    

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты