Каныбек Осмоналиев жаңы кызматы тууралуу: «Президенттен сунуш түшүп, чоң талаптар коюлду»

  • 2 года мурун

Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Ал кызмат боюнча сунуш президент Садыр Жапаров тараптан түшкөнүн «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

«30-апрелде президент өзү чакырып, бул кызматты сунуштады. Мага чоң талаптарды, маселелерди койду. Ал «жакшы иштеп бериңиз, менеджер катары сиз мага керексиз» дегенден улам сунушка макул болдум. Чынында абдан жоопкерчиликтүү иш. Бардык ишкана, бийлик бутактарында иш кагаздарды сапаттуу кыргыз тилинде жүргүзүү талабы коюлду. Бул бир гана мамлекеттик тил комиссиясы эмес, тил саясаты деп аталат. Анын курамына кыргыз тест, энциклопедия, дагы эки борбор кирет. Ошолордун ишин жандандыруу талаптары коюлду. Өзүмдүн кесибим башка болсо дагы бүт аракетимди жумшайм», — дейт Каныбек Осмоналиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты