Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен комиссиянын мурдагы төрагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Жаңы төраганы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук комиссиянын жамаатына 12-майда тааныштырды.

Мамлекеттик тил комиссиясы былтыр мамлекет башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты