Камчыбек Ташиевдин Исмаил Исаков тууралуу айткан сөзүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

“Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков “ПолитКлиника” медиасына маек берип, ал “Өткөндөрдү эскерип, эстелигин ачып, куран окуткан иш-чараларга катышуу үчүн, эмне Камчыбек Ташиевден  “командировочный” жаздырып алыш керекпи?” деген пикирин айткан. Анын айткандары боюнча “Саясат.кг” сайты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анда Ташиев Исаковдун жаш курагы тууралуу сөз козгогон. 

Камчыбек Ташиевдин Исмаил Исаков тууралуу айткан сөзүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

Исмаил Исаков Камчыбек Ташиевдин “күлүн асманга сапырып жиберебиз” дегенине комментарий берген

Бириккен оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү Таласта чогулушуп, резолюция кабыл алышкан. Мындан улам “Саясат.кг” сайтына Камчыбек Ташиев маек берип, “Кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз” деп айткан. 

Таластагы жыйынга катышкан Исмаил Исаков УКМКнын төрагасынын сөздөрүнө жооп берген:

 “Өткөндөрдү эскерип, эстелигин ачып, куран окуткан иш-чараларга катышуу үчүн, эмне, Камчыбек Ташиевден  “командировочный” жаздырып алыш керекпи? Же чакыргандар, чакырылгандардын тизмелерин бекиттириш керекпи?.. Шордуу кыргыз эли, кайда бара жатабыз? Мындай болбойт. Жарандарды опузалап, коркутуп, өздөрүн хан, бий сезген, бийлигинен аша чапкан мамлекеттик кызмат адамдары, бир секундага дагы кызматта болбошу керек. Биз, алардын кызматтан четтетилүүсүн бирдиктүү талап кылышыбыз зарыл. Ким ага андай укук берди?”, — деген Исмаил Исаков. 

Камчыбек Ташиев Исмаил Исаков тууралуу: “Анын ушинтип кез-кезде сүйлөп турганы өзүнүн ден соолугуна пайдалуу. Ансыз деле жашы бир топко барып, элибиздин аксакалы болуп калбадыбы…”, — деген.

“ПолитКлиника” медиасы Камчыбек Ташиевдин Исмаил Исаков тууралуу айтканында “кастык тили” колдонулганын аныктады. 

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна , гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын” “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” деген бөлүмүнүн 16-беренесинде: “Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык… Эч ким жынысы, рассасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”, — деп жазылат.

Камчыбек Ташиевдин Исмаил Исаков тууралуу айткан сөзүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

Камчыбек Ташиев колдонгон “кастык тили”

“Саясат.кг” сайтынын журналистинин суроосуна жооп берип жатканда Камчыбек Ташиев Исмаил Исаковдун жаш курагы боюнча “кастык тилин” колдонгон. Башкача айтканда, жашына карата дискриминация кылган.  

УКМКнын төрагасы сын-пикирлерге терикпей калганын билдирген. “Кандай гана сын болбосун, ал тийиштүү, өз орду менен айтылса, кабыл алабыз, ошого жараша жумушубузду оңдойбуз. Бирок, ошол эле кезде ал сөздөр коомдук саясий кырдаалды курчутууга, башкача айтканда бузукулук максатында айтыла турган болсо, буга мыйзам алдында жооп берет.

Жеке Исмаил Исаков боюнча айта турган болсом, анын ушинтип кез-кезде сүйлөп турганы өзүнүн ден соолугуна пайдалуу. Ансыз деле жашы бир топко барып, элибиздин аксакалы болуп калбадыбы”, — деп жооп берген Ташиев. 

Жаш курагына карата бөлүп кароо түшүнүгү “эйджизм” деп да аталат. Эйджизм — бул жашына карата стереотиптик, бейкалыстык жана дискриминация түшүнүгү.

Жыйынтык: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Саясат.кг” сайтына берген комментарийинде Исмаил Исаковдун жаш курагы боюнча “кастык тилин” колдонгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты