Исмаил Исаков: Өткөндөрдү эскерген иш-чарага Ташиевден “командировочный” жаздырып алыш керек беле?

“Азаттык” партиясынын төрагасы, генерал Исмаил Исаков Таласка баргандагы иш-чара жана ага Камчыбек Ташиевдин реакциясы, чуулгандуу 39-протокол жана башкалар тууралуу «ПолитКлиника» медиасына маек берди.         

-Исмаил агай, өткөн жумада Таласка барып келгениңиздер боюнча бийлик дүрбөлөңгө түшкөндөй болуп, Камчыбек Ташиев интервью берип, адаттагыдай коркуткан сөзүн айтты. Ушуга эмне демекчисиз?

-Ошол иш-чарага Талас облусунун 6-7 апрель баатырларын,  Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүн  чакырышыптыр.  Шартка жараша үчөөбүз – Кеңешбек Дуйшөбаев, Бектур Асанов жана мен бардым. Ал жерде аксакалдар уюмунан, апрель баатырлары, жергиликтүү тургундардын өкүлдөрү,  өтүп кеткен баатырлардын ата энелери жана  Бишкектен оппозициялык демократиялык кыймылдын өкүлдөрү  болушту.

Курман болгон баатырларга куран окудук, эстелик ачуу аземинен  кийин чакан митинг болду. Анда мага сөз беришти эле,  өз оюмду айтып, бир топ сунуштарды бердим.  Митингден кийин алардын сый-урматын көрүп,  аягында эл менен коштошуп,  жакшы маанай менен кайра келгенбиз.

Эми ошол иш-чараны бийлик жашыруун уюмдардын чогулушундай көрсөтүп, дүрбөлөңгө түшүшүп,  булар “революция кылат” экен деп, бизди каралашып өздөрүнчө  ызы-чуу, анысы аз келгенсип, Камчыбек Ташиев журналисттерге маек берип, жарандарды коркуткан сөз айтып, артынан “ардагерлерин” сүйлөттүргөндөрүн көрүп, “ой тобо, ушундай дагы болобу” деп да ойлоп кетесиң же  “коркконго  кош көрүнөбү”,  айтор   “много шума из ничего” дегендей эле болду. 

Өткөндөрдү эскерип, эстелигин ачып, куран окуткан иш-чараларга катышуу үчүн, эмне Камчыбек Ташиевден  “командировочный” жаздырып алыш керекпи? Же чакыргандар, чакырылгандардын тизмелерин бекиттириш керекпи?.. Шордуу кыргыз эли, кайда бара жатабыз? Мындай болбойт. Жарандарды опузалап, коркутуп, өздөрүн хан, бий сезген, бийлигинен аша чапкан мамлекеттик кызмат адамдары, бир секундга дагы кызматта болбошу керек. Биз, аларды кызматтан четтетилүүсүн  бирдиктүү талап кылышыбыз зарыл. Ким ага андай укук берди?

-Сиз, Тажикстан менен кол койгон 39- протоколду жокко чыгарууну сунуш кылыпсыз,  биз билгенден аны мурда дагы Ташиевге айттыңыз эле. Ошол протоколдун маңызын кайра бир ирет эске сала кетпейсизби?

-Биринчиден, 39- протокол менен, 1925-жылы  Тажикстандын жалпы аянтынын 30 пайызындай түзгөн биздин Мургаб району, жетекчилерибиздин каршылыгына карабай Тажикстанга өткөрүлүп  берилген.

Экинчиден, азыркы 39- протокол, Союз тарагандан  кийин  кол коюлуп, ратификацияланган 4 эл аралык келишимдерди жокко чыгарган,  Тажикстандын кызыкчылыгын коргогон, кийинки бир убакта Баткен обулусунан биздин бир канча жерлерибиз Тажик тарапка өтүп кетишине  негиз болуп бере  турган  протокол.

Жалпак тил менен айтсам  бул протокол,  Тажикстандын Воруху анклав эмес эле, тескерисинче,   биздин Лейлек району анклав экендигин документалдуу моюнга алган протокол. Ушуну эл түшүнүш керек. Себеп дегенде ал жерде жазылып жатат 24-27 жылдардагы комиссиянын материалдарынын  негизинде иш алып баруу деп. Бул деген 91,92,94 жана 1996-жылдардагы  ратификацияланган келишимдер менен  Ворухтун анклав экендиги таанылып, тажик тарап макул болуп, кол коюлуп, мыйзамдаштырылган  документтерди жокко чыгарган протокол болуп жатпайбы, түбүн түшүнгөн адамга. Мындайча айтканда, Ворух эмес, биздин  Самаркандектен тартып, Лейлек району толугу менен  анклав дегенди түшүнсө болот.  

Камчыбек Ташиев мырза  кол коюп жатканда  мүмкүн билбесе дагы, түшүнбөсө дагы керек,  жанындагы “акылдуулары” айткан эместир. Бирок,   кийин кол коюп келгенде, Бакыт Төрөбаевге тиешеси бар мейманканада бир топ саясатчыларды  жана  каршы чыккандарды чогулткан болчу,  ошондо туура эместигин айтканымда макул болгон эле.  Азыр элге ачык айтыш керек, жокко чыгардыбы же жокпу? Жокко чыгарса документтерин көрсөтсүн, анда рахмат, катаңды оңдопсуң, азамат дейбиз. Протоколдун коркунучтуулугун өзгөчө баткендик туугандар билиш керек. Депутаттар ушул маселени  көтөрүп,  айтып чыгыштыбы? Токтотолу деп аракет кылыштыбы? Жок.

Мыйзамдуу келишимдерди четке кагып, мыйзамсыз, кайдагы күчү жок документтерге таянып, ошондой протоколдорго кол коюу бир жагынан кыргыз элине жана мамлекетке жасаган кыянаттык жана кылмыш, экинчи жагынан мамлекеттин коопсуздугуна  карата урулган сокку. Кызыгы, инилерди кийинки жоопкерчиликтерден  сактап калуу  үчүн, ачуу  чындыкты  айтып,  түшүндүрүүгө  аракет кылсаң, рахмат айтып, кечирим сурагандардын ордуна, кайрадан  күпүлдөп,  оозунан буулары чыгып “кулдөрүн көккө сапырам” дегенине  эмне дейсиң? 

Курманбек Бакиев  бийликтеги өз  адамдарынын  колдоосунда  уялбай өзүн аппапак көрсөтүп, байма-бай  маек  бергенине караганда, тиякта туруп, үйрөтүп жатат окшойт деп ойлойт экенсиң. Мүмкүн, ал айтса керек “Мен, Садыркулов, Слипченко жана  алардын шоопурун өрттөткөндөн кийин, изин жашырбай таштап койдуруп бекер кылыпмын, силер өрттөткөндөн кийин күлүн көккө сапырып жиберсеңер издерин таппай калат” деп, “что на уме то и на языке” деп бекер айтылбайт да. Болбосо мен билген Камчыбек Ташиевден  андай сөз  чыкпаш керек эле.

Эми протоколго кайрылсак, жогорудагы фактылардын негизинде 39-протоколду жокко чыгаруу мамлекет үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан, чек ара маселеси боюнча  сүйлөшүүлөр ратификацияланган эл аралык келишимдердин алкагында гана болуш  керек. Туура жол ошол.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Маектешкен Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты