Камчыбек Ташиев элчи болгон белгилүү саясатчы камалаарын билдирди

  • 18 часов мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев анын атына жамынып, мурда элчи болгон белгилүү саясатчы 250 миң доллар пара алууга шектелип жатканын жана жакында камалаарын журналисттерге билдирди.

“Бүгүн эртең менен аны камоо тапшырмасын бердик. Анын үстүнөн арыз түшкөн, акча алгандыгы тууралуу көрсөтмө бергендер, видео тасмасы, фотосу да бар. Ал бир кезде менин партиямда болгон. Мен эч кимди аябайм. Кудай сактасын, эгер менин жакындарым, уулум, бир туугандарым колго түшсө, мен аларды да отургузам. Бул менин принцибим” деп айтты Камчыбек Ташиев журналисттерге.

Камчыбек Ташиев аталган саясатчынын аты-жөнүн ачыктаган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты