Камчыбек Ташиев депутаттарга: «Араңыздарда оор кылмышка шектелген адамдар бар»

  • 1 год мурун
Камчыбек Ташиев депутаттарга: «Араңыздарда оор кылмышка шектелген адамдар бар»

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиевага кайрылуу жасады.

«Эльвира Жыргалбековнанын өзүнүн, бир туугандарынын карамагында «Кудайберген» деген базары бар. Анда 3 миңден ашык контейнер бар. Ошол контейнерлерден булар ар бир адамдан 2-3 миң сомдон жыйнадык деп отчёт беришет. Бирок эң аз жыйнаганы 7 миң сомдон. Салыктарды УКМК эсептеп чыкпайт. Муну Мамлекеттик салык кызматы эсептейт. Бул боюнча акт түзүлгөн. Булар салык төлөгөнгө милдеттүү. Туура эмес маалымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кимге эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз. Кылганга акыбыз дагы жок.

Андан сырткары, дагы 2 депутаттарга иштер бар. Араңыздарда өтө оор кылмышка шектелген адамдар бар. Териштирүү керек. Бул биздин милдетибиз. Эльвира Жыргалбековна, мага эч кандай доомат коюуга негиз жок. Мен сизди көргөн да, учурашкан да, байланышкан да эмесмин. Мыйзам менен өзүңүздүн көйгөйүңүз бар болсо Салык кызматына барыңыз. Жок жерден ар нерсе айта берген туура эмес болот», — деди ал.

Буга чейин депутат Эльвира Сурабалдиева Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш бергендерге коркутуулар болуп жатканын айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты