Камчыбек Ташиев абактын шарттарына нааразы болгон саясатчыларга жооп берди

  • 11 месяцев мурун
Камчыбек Ташиев абактын шарттарына нааразы болгон саясатчыларга жооп берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында абактын шарттарына нааразы болгон саясатчыларга жооп берди.

«Түрмө алар үчүн өздөрүнүн мамлекеттен тартып алган пансионаты эмес. Түрмө деген түрмө. Түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялаш үчүн курулган. Ошого чыдабайбы анда мыйзам бузбасын. Түрмөнүн шарттарына макул эмеспи демек мамлекетибиздин тынчтыгына залал келтирбесин», — дейт Ташиев.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков түрмөдө ага карата кыйноо жана куугунтук болуп жатканын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган. Саясатчы эл аралык уюмдарга, омбудсменге, Кыйноолорго каршы улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты