Камчы Көлбаевдин бир тууганы кайрылуу жасады

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууганы президентке, УКМК төрагасына жана Жогорку сот төрагасына кайрылуу жасады.

Ал кайрылууда 76 жаштагы апасы инсульт болуп, төшөктө тура албай жатканынан улам, анын атынан кайрылуу жасоого туура келгенин билдирди.   

“Коопсуздук кызматы апабыздын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, Октябрь райондук сотунда ал иш каралып жатат. Уюшкан кылмыштуу топ беренесин коюп, болгон мүлктөрүбүздү, атабыздан калган үйлөрүбүздү, неберелерибиз жашап жаткан үйлөрүбүздү конфискацияга кеткенге шашылып, сот отуруму үйдүн ичинде өтүп жатат. Апабыздын өтүнүчү менен, сот аркылуу мүлктөрүбүздү конфискация кылганга сот тез өтүп жатат” деди ал.

Президенттен, УКМК төрагасынан, Жогорку сот төрагасынан ишти мыйзамдуу кароого көңүл бурууну суранды.

Адвокат Бактыбек Жумашев Камчы Күлбаевдин апасы Алиева Мая Айткуловна, 76га таяп калган киши, кылмышка аралашпаган, соттун, укук коргоо органдарынан басымы алдында калып жатканын айтты. Мыйзамсыз табылган каражаттарды легалдаштыруу беренеси менен айыпталып, УКМК тергөө башкармалыгы тарабынан айып угузулуп, 13 мүлктү  кылмыштуу жол менен табылган, Октябрь райондук сотунда каралууда” деди адвокат.      

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирди.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөттө: Камчы Көлбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты