Камактагы журналист Султаналиев бир да жолу сурак болбогонун билдирди

  • 5 месяцев мурун

Камактагы журналист Сайпидин Султаналиев бир да жолу сурак болбогонун билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Бир ай аралыгында тергөөчүлөр мени бир да жолу чакырып, айыптоо иш боюнча суракка алган жок. Өз ишин мыкты билген кызматкерлер жасалган иште элди башаламандыкка чакыруу бар же жок экенин далилдеп коймок», — деп жазды Султаналиев.

16-январдын таңында “Temirov Live”, “Айт Айт Десе”, “ПолитКлиника”, “Арча Медиа” редакцияларынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына суракка алып келинген. ИИМ кармалган 11 медиа кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин  278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелип жатканын билдирген. 

Милициянын маалыматында атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар” деп аныкталганы айтылат.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган 11 журналист жана медиа кызматкерлерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Алар:

«Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы;

«Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулуАкыл Орозбеков, Айке БейшекееваСапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков;

Аталган редакциянын мурдагы кызматкери, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов,

Редакциянын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев;

Редакциянын мурдагы журналисти, азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров;

Редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев;

Редакциянын мурдагы кызматкери, учурда “ПолитКлиника” медиасынын журналисти  Тыныстан Асыпбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты