Камактагы дарыгерлер үй камагына чыгарылды

  • 2 года мурун

Бишкекте 3 жашар баланын өлүмүнөн кийин тергөө изоляторуна киргизилген 5 дарыгер үй камагына чыгарылды.

Белгилүү болгондой, Ленин райондук соту 5 дарыгерди 18-февралга чейин үй камагына чыгарды.

Белгилей кетсек, 4-декабрда таңкы саат 9:13тө шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасынан маалымат түшүп, чарчап калган ымыркайдын сөөгү келген. Бул факты милицияда катталып, тергөө иштерибашталган.

Милиция билдиргендей, ашказаны ооруган ымыркайды 13-декабрда эртең менен саат жетилер чамасында Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барышкан. Ошол эле күнү саат 12:30да бейтапты башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушат. Ал жерде бала өзүнө келбей, чарчап калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А., 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г. кармалып, Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

30-декабрда шаардык сот балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун беш дарыгерин Бишкек СИЗО-1ге жайгаштырган. Соттун чечимине ылайык, дарыгерлер 10-январга чейин камакта болот.

Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова дарыгерлердин камакка алынышына болжолдуу түрдө “жогорку даражалуу чиновниктин” баласынын өлүмү себеп болгонун билдирген.

“Клооп” басылмасы  өздүк булактарына таянуу менен каза болгон бала Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун бир тууганы Нурлан Жапаровдун небереси экенин билдирген.

Акылбек Жапаров өзү азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты