Кармалган дарыгерлерге юридикалык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултула баштады

  • 2 года мурун

Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошууну Бишкекте баланын өлүмүнө байланыштуу кармалган дарыгерлерге юридикалык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогулта баштады. Бул тууралуу кошуундун төрайымы Бермет Барыктабасова Фейсбукта билдирди.

Бишкектин Ленин райондук милициясы дарыгерлердин кармалышы боюнча 2-декабрда маалымат таратты.

Ага ылайык, 14-декабрда таңкы саат 9:13тө шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасынан маалымат түшүп, чарчап калган ымыркайдын сөөгү келген. Бул факты милицияда катталып, тергөө иштери башталган.

Милиция билдиргендей, ашказаны ооруган ымыркайды 13-декабрда эртең менен саат жетилер чамасында Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барышкан. Ошол эле күнү саат 12:30да бейтапты башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушат. Ал жерде бала өзүнө келбей, чарчап калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А., 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г. кармалып, Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

30-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту “кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренесине шек саналып кармалган беш дарыгерди 10-январга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. 68 жаштагы И.Р. аттуу дарыгердин да бөгөт чарасы каралып, ага үй камагы тандалган. Райондук милиция тергөө иштери уланып жатканын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты