Артур Бетербиев бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду

Орусия жана Канаданын жараны Артур Бетербиевдин орусиялык мушкер Дмитрий Бивол менен бокс боюнча мелдеши Эр-Рияд шаарында өттү. Калыстардын чечими менен жеңиш Артур Бетербиевге ыйгарылып, Бетербиев бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду.  

Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарындагы мелдеш 12 раунддун аягына чейин уланды. Бул Бетербиевдин мушкерлик боюнча мелдешиндеги 21-жеңиши болду.  

Дмитрий Биволго чейин Артур Бетербиев бардык мелдеште атаандашын нокаут менен тарс жыгып келсе, эми таймаштын акырына чейин  ойноого туура келди.  

Дмитрий Бивол татыктуу атаандаш экенин көрсөттү, ал 23-жолу ийгиликке жетишип, анын ичинен 12 мушкерди нокаут менен жеңген. Бирок бул жолу көпчүлүк калыстар жеңишти Артур Бетербиевге ыйгарды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты