Калькуттада дарыгерлердин нааразылык акциясы токтой элек

  • 4 недели мурун

Калькуттада дүйшөмбү күнү нааразылыкка чыккан медициналык кызматкерлер акцияны токтотуудан баш тартышты.

9-августта шаардык ооруканада 31 жаштагы дарыгер зордукталып, өлтүрүлгөндөн кийин медициналык жардам үзгүлтүккө учураган. Анын кесиптештери бийликтен аялдардын коопсуздугун камсыздоону жана кылмышты тез арада иликтөөнү талап кылышууда.

Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Кылмышка шектүү киши кармалды. Нааразылык демонстрацияларына катышкан аялдар бийликтин көңүлүн өлкөдө сексуалдык кылмыштар катаал мыйзамдарга карабай уланып жатканына бурушууда.

Дүйшөмбү күнү демонстранттар иш таштоо өкмөт кылмыштуу топтун кол салууларына жана өлтүрүүлөргө каршы чара көрмөйүнчө улана турганын жарыялашты.

Дарыгерлерлерге тилектештик иретинде Батыш Бенгалия штатындагы эң ири клубдардын миңдеген футбол күйөрмандары дарыгердин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган ураандар астында Калькуттада жүрүш өткөрүштү.

2012-жылы Индияда автобуста 23 жаштагы студентке кылмыштуу топ кол салгандан кийин массалык нааразылык акциялары тутанган. Ал зордукталып өлтүрүлгөн.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты