Кадырбек Атамбаев: Темирлан Султанбековго жактоочусун киргизбей жатышат
- 2 года мурун
Бүгүн, 28-декабрда Темирлан Султанбековго жактоочусу менен жолугушууга уруксат берилген эмес. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Кадырбек Атамбаев жактоочу Улан Сейитбековдун комментарийин жарыялады.
«Бүгүн, 2024-жылдын 28-декабрында адвокат Темирлан Султанбеков менен жолугушууга уруксат берилген жок. Бул мекеме жетекчилигинин буйругу экенин айтышты. 21-СИЗОнун жетекчилигинин бул буйругу СИЗОдо отурган жарандардын жактоочулары менен жолугушуу жана юридикалык жардам алуу укуктарын бузат», -деп билдирген жактоочу.
Жактоочу ошондой эле, СИЗОнун иш тартибин өзгөртүү боюнча бул буйрук «Кылмыш жасоого шектелген жана айыпталган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана тартиби жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесине карама-каршы келерин айткан. Анын айтымында, аталган мыйзамда шектүүлөр жана айыпталуучулар жактоочулары менен дем алыш күндөрү да жолугууга укуктуу экени атайын жазылган.
«Буга чейин 1-СИЗОдогу айыпталуучулар жактоочулар менен ишемби күнү жолугууга укуктуу болчу. Өткөн аптадан бери алар бул укуктан ажыратылган»,- деп кошумчалады Кадырбек Атамбаев.
Эске сала кетсек, 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.




