Кадамжайда селдин кесепеттери жоюлууда   

  • 4 месяца мурун

Кечээ, 23-июнь күнү, саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылында Таш-Булак, Пүшкөбөт сел өткөрүүчү сайынан сел суулары түшүп, Айдаркен — Кадамжай унаа жолунун 35-40-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Аталган жол каттамын жана Охна айылындагы ички чарбалык жолду калыбына келтирүү, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдин Баткен облустук башкармалыктын башчысы баштаган ыкчам топ, №46 жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 2 грейдер, жеке менчик 1 экскаватор, жалпы 5 техника тартылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты